Connect with us

Фискалдык саясат кеңеши бир катар мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун жактырды

Кыска кабар | 21 Июн 2019 | 470 | 0

Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр белгилегендей, акыркы жылдардын жыйынтыгы мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун ишке ашыруу пландаштырылган көлөмдөн кыйла артта калган катары белгиленет. Ошондуктан, ишти күчөтүү максатында Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча жобону бекитүү жөнүндө токтомго кол коюлду.

Премьер-министр иштеп чыгуу стадиясындагы долбоорлорду баалоо иштерин күчөтүү зарыл экендигине токтолуп, Экономика министрлигине долбоорлорду баалоо методикасын аяктоо жана бекитүү иштерин тездетүүнү тапшырды.

Өкмөттүн Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеши жыйындын жыйынтыгында мамлекеттик инвестициялардын 3 долбоорун жактырды.

Алардын ичинде:

  1. Айыл чарба тармагын чыңдоо үчүн айыл чарба техникасын киргизүү боюнча долбоор — Корея кызматташтык жана экономикалык өнүктүрүү фонду (ЕDСF) тарабынан 12 млн долларга каржыланат;
  2. «Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо CASA1000» долбоору — Дүйнөлүк банк (МАР) жана Көп жактуу донордук максаттуу Фонд тарабынан 11 млн долларга каржыланат;
  3. «Нарын облусунун айылдарын суу менен камсыздоо жана санитариясын өнүктүрүү» долбоору — Азия өнүктүрүү банкы жана Кыргызстан тарабынан 32,9 млн долларга каржыланат;

Copyright © 2017 Maral FM