Биз менен байланышыңыз

«ШКУ: Позитивдүү кадамдар болду, эми иштеш керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Июн 2019 | 1009 | 0

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Таалатбек Масадыков «Марал» радиосуна берген маегинде Шанхай Кызматташтык Уюмунун Кыргызстанга саясий жактан пайдасын тийгизип жатканын билдирди.

Анын айтымында, ШКУ келечекте Кыргызстанга сөзсүз пайдасын берет. Азырынча эки тараптуу болгон маселелер алдыда көп тараптуулукка өтөт.

«Бир алкак — бир жол» долбоорунун арты менен каражат бөлүштүрүлүп жатат. Башка мамлекеттер аны туура пайдаланып, долбоорлорду ишке ашырууда. Ал эми Кыргызстан бул мүмкүнчүлүктү жакшы колдоно албай жатат.

«Анализделип аракет жасалбаса, келишимдер пикир боюнча калып кетиши ыктымал. Позитивдүү кадамдар болду, эми иштеш керек. Азыр Кыргызстан мамлекет катары иштеген жок, эл өзү аракет кылууда. «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу азырынча 3 тараптуу болсо, келечекте көп тараптуу болот. Бул — позитивдүү кадам», — дейт Масадыков.

Ал буга кошумча, Кыргызстанга стратегиялар боюнча иш алып барган институт керек экенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM