Биз менен байланышыңыз

Заманбап концерттик залга зар болгон өнөрпоздор

Билим-маданият | 13 Июн 2019 | 806 | 0

Кыргыз коомчулугунда маданий жайлардын эскилиги жеткенин байма-бай сөз кылып келишет. Айрыкча, маданият өкүлдөрү тиешелүү жетекчиликтерге талаптарын ар түрдүү жолдор менен  жеткирүүнүн аракетинде. Өзгөчө, концерттик залдардын талапка жооп бербей калганын кулак кагыш кылып келишет. 

Борбор калаада талапка жооп берген концерттик зал жок экенин, ал эми коңшу мамлекеттер маданиятына өзгөчө көңүл буруп, заманбап концерттик залдарды куруп жатканын педагогика илимдеринин доктору, профессор Абдыкерим Муратов мындан 3-4 жыл мурун айтып чыккан. Эскилиги жеткен концерттик залдар коомчулукта бир топ талкуу жаратып, ошол талкуулардан кийин жеке ишкерлер: «Жер тилкесин чечтирип берсеңиз, заманбап концертик зал куруп беребиз», — деген сунуш менен кайрылышканын айтат профессор. Анын пикиринде, мамлекетте 5 миң көрөрманга ылайыкташкан концерттик зал курулса, өзүн өзү тез эле актамак.

— Учурдун талабына жооп берген заманбап концерттик зал керек. Чет мамлекеттен ырчылар келет эле, өзүбүздүн ырчылар дагы концерт коймок. Каржы мамлекетке түшмөк. Экинчиден, мамлекет түздөн түз болбосо да, кыйыр түрдө концерт койгондорду көзөмөлдөп турганга шарт түзүлмөк.

Учурга шай келген концерттик чоң залды курууга азырынча суроо-талап жок. Мындай пикирин Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев билдирди. Анын айтымында, Бишкектин борбордук бөлүгүнө жайгашкан маданий жайга калаанын башка тарабында жашаган тургундар үчүн каттоо кыйынчылык жаратат. Мындан улам, жаңы конуштарга жана кичи райондорго  200-300 адамга ылайыкташкан чакан концерттик залдарды  куруу керек.

— Өкмөт же Жогорку Кеңеш токтом кабыл алып, тойкана куруп жаткандарды жанына концерттик зал курууга милдеттендирсе болот. Жан дүйнөнүн байлыгы музыка аркылуу келет. Биз азыр бир жактуу эле акча, мал-мүлк топтогонго өтүп алдык.

КР Эмгек сиңирген артисти Жамиля Муратова президент Сооронбай Жээнбековго Фейсбук баракчасы аркылуу концерттик чоң зал куруп берүүсүн өтүнүп, кайрылуу жолдогонун айтып, «Мындай маселелерди чечүү үчүн ириде маданият өкүлдөрүнүн өз ара биримдиги жетишпейт», — деген пикирин билдирди.

— Концерттик зал куруу жакшы маселе. Бирок, бизде акыбал такыр эле башка. Бул маселени карашы күмөн. Башаламан болуп кетти, кимисине ишенериңди билбейсиң.

«Эгер жер тилкеси чечилсе, бир учурда 7 миң көрүүчү бата турган, көп тармактуу спорт сарайы курулат. Анын ичинде заманбап концерттик чоң зал да болот»,  — дейт коомдук ишмер Аскар Салымбеков. Ал Президенттик Аппаратка жер тилкесин сурап кат жолдошконун маалымдап, маселе чечилсе, көптөгөн ишкерлер биригип, аталган жайды курууга даяр экенин айтты.

— Спорт сарайы эскирди, азыркы талаптарга такыр жооп бербейт. Бир эле учурда спорттук да, маданий да иш-чараларды өткөрө ала турган 6-7 миң орундуу имарат керек. Бул каржы жагынан да пайда алып келмек. Жер бөлүнүп берилсе, курулуш башталышы мүмкүн.

Эскерте кетсек, 6-апрелде Бишкек шаарына орусиялык ырчы Баста келип, Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунун абалын видеого тартып, социалдык тармактарга жүктөгөн. Видеонун алдына көпчүлүк кыргыз колдонуучулары  спорт ордосу үчүн уялып жатышканын жазышкан. Аталган имарат концерттик жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкталган. Курулганына 45 жылга жакын убакыт болгон.

Copyright © 2017 Maral FM