Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов бүгүн, 3-июнда «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган 700 миллион доллардын чыгарылып кеткени боюнча маалымат берет. Бул тууралуу депутат өзү Vesti.kg сайтына кабарлаган.
Матраимов 5-каналдын «Ой бүгүн» программасына катышып, ошол жерден маалымат берет.
Белгилей кетсек, Искендер Матраимов буга чейин иликтөө боюнча жооп даярдалып жатканын айткан болчу.
Эске салсак, 29-май күнү «Азаттыктын» журналисти Али Токтакунов Матраимовдун мүлкү тууралуу иликтөөсүн жарыялаган.