Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жабык мекемелеринде 3 миңден ашуун соттолгондор, айыпталуучулар жана тергөөдөн кийинки камактагылар орозо кармап жатышат. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, орозо кармагандардын эң көбү Бишкектеги №1 СИЗОдо, тактап айтканда, анда 550 адам ооз бекиткен. Ошондой эле Москва районунун Петровка айылында жайгашкан № 8 абакта 400дөн ашуун соттолуучу орозо тутууда.
Азыркы учурда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жабык мекемелеринде 8 миңге жакын адам бар.
Ошондой эле, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 500гө жакын кызматкери да орозо кармап жатышат.