Биз менен байланышыңыз

«Суракматовдун командасы коррупцияга малынбай, таза иштейбиз»

Кыска кабар , Пикирлер | 7 мая 2019 | 1041 | 0

Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев «Марал» радиосунда эфир алып барып жатып, калаа башчы Азиз Суракматовдун командасы коррупцияга малынбай, таза иштей турганын билдирди.

«Азиз Суракматовдун командасы кайсы тармактарда көйгөйлөр бар экенин билебиз. Акырындык менен аларды жоюунун үстүндө иштеп жатабыз. Биздин команданын артыкчылыгы коррупциялык иштерге малынбайбыз. Эгерде колубуздан келбесе, жумушту таштап кете алабыз. Бирок элге берген убадалардын баарын жасоого күчүбүз да, билимибиз да жетет деп ойлойм. Мына Бишкекте 2 чоң парк жана 20дай сквер салууга бел байладык. Жаңы конуштардагы жолдорду оңдоого артыкчылык берип жатабыз. Ал жактарга да сквер салуу планы бар. «Газпром» компаниясы 9 жаңы конушка газ куурларын орнотот. 47 жаңы конуштун баарын газ менен камсыздап, шаардагы транспорт каражаттарын да газ менен жүрө тургандай кылып алсак, калаанын экологиясы бир топ жакшырат», — дейт Түлөбаев.

Анын айтымында, шаардагы 1600 км жолдун 600 километрине гана асфальт төшөлгөн. Быйыл Кытай грантынын II фазасы боюнча 60 км жол оңдоодон өткөрүлөт.

«Бир жылга чейин шаарга караштуу тилкелерди ижарага бере албайбыз. Себеби, коррупциялык элементтер көбөйүп кеткен экен. Жарандар жерди алып, үй салып кете берген. Алар же ижара акысын төлөбөй, же тийиштүү талаптарды аткарган эмес. Биз ушундай жерлерди билишибиз керек болуп жатат. Жакында инвентаризацияны бүтүрүп, шаардын башкы планынын негизинде курулушка уруксат берилет. Баары ачык-айкын өтүп, коррупциялык элементтер жоюлат», — дейт Түлөбаев.

Copyright © 2017 Maral FM