Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Гүлшат Асылбаева Экономика жана коммерция министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдирди.
Гүлшат Асылбаева 2023-жылдын сентябрь айынан бери Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси болуп иштеп келген.
Ал 2015-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышына «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан депутат болуп шайланган. Ал коомчулукта чуу жараткан «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамдын авторлорунун бири болгон.