Connect with us

Экспорттук көзөмөлдөөгө байланышкан мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Кыска кабар | 6 Май 2019 | 436 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Экспорттук көзөмөлдөө, Кыргызстандагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттин маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 14-мартында кабыл алынган.

Аталган мыйзам Республиканын экспорттук көзөмөл чөйрөсүндөгү мыйзамдарын эл аралык укуктун жалпы таанылган массалык кыйратуучу куралдарды, аны жеткирүү каражаттарын жайылтпоо жаатындагы принциптерине жана ченемдерине шайкеш келтирүү, ошондой эле экспорттук көзөмөлдү жүзөгө ашырууда өлкөнүн мамлекеттик башкаруу органдарынын жана тышкы экономикалык иш-аракеттин катышуучуларынын мамилелерин укуктук жөнгө салууну жакшыртууну максат кылат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM