Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө ШКУнун эл аралык марафону өтөт

Кыска кабар | 20 Апр 2019 | 554 | 0

Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык марафондору Кыргызстан жана Кытайда өтөт.

Иш чаралар май айында Ысык-Көлдө жана Кытайдын Куньмин шаарында декабрь айында болот.

Бул тууралуу бүгүн ШКУнун Пекиндегы катчылыгында өткөн жыйында маалым болду.

Уюмдун баш катчысы Владимир Норов Кыргызстан иш чараны май айында ШКУга төрагалык кылуунун алкагында өткөрүүнү пландап жатканын айтты.

Жыйынга катышкан Кыргыз Өкмөтүнүн алдындагы жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канатбек Арпачиев Ысык-Көл марафону беш аралыкка чуркоо боюнча өтөрүн белгилейт.

Анда: марафон, жарым марафон, 10 миң метрге, 3 миң метрге чуркоо жана скандинавиялык басуу каралган.

Copyright © 2017 Maral FM