Биз менен байланышыңыз

Прокурор: Батукаевдин иши кайрадан каралып жатат

Кыска кабар | 17 Апр 2019 | 610 | 0

Башкы Прокуратура кримтөбөл Азиз Батукаевдин ишин кайрадан карап жатат. Тергөө иштери январь айынан бери жүрүүдө. Бул тууралуу Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште отчёт берип жатып айтты.

Кошумчалай кетсек, Азиз Батукаев 2013-жылы 9-апрелде Нарын сотунун чечими менен мөөнөтүнөн мурда бошотулган. Ал Бишкектеги «Манас» аэропортунан Чеченстандын Грозный шаарына учуп кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM