Биз менен байланышыңыз

Тарых музейиндеги жана ат майдандагы коррупцияга 6 чиновник шектелүүдө

Кыска кабар | 16 Апр 2019 | 975 | 0

Тарых музейин реконструкциялоо жана Чолпон-Атадагы ат майданынын курулушу боюнча кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилди.

Бул тууралуу парламенттин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин отурумунда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.

Анын айтымында, «Коррупция» беренеси боюнча алты чиновникке: Мира Карыбаевага, Сапар Исаковго, Алмаз Абдыкааровго, Айдарбек Мендеевге, Улукбек Матисаковго жана Шайбек Атабековго айып тагылган.

«Бул айып коюлгандардын толук тизмеси эмес. Мамлекетке келтирилген чыгым 307 млн. 650 миң сомду түзөт. Учурда иш иликтенип жатат», — деди Өткүрбек Жамшитов.

Copyright © 2017 Maral FM