Биз менен байланышыңыз

Турсунбеков: Президент өкмөткө жан тарткансыйт…

Кыска кабар | 11 Апр 2019 | 668 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттеги кайрылуусу менен берген убадаларынын аткарылып жатканын эске салгысы келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков айтты. Мамлекет башчынын экономикалык маселелерге көбүрөөк токтолушу, өкмөт үчүн санаа тартып жаткандай элес калтырганын да белгиледи.

— Сөзүнүн аягында бардык маселени мыйзам чегинде чечип, ультиматумдан алыс болууга чакырык жасады. Бул учурдагы кырдаалга жалпы жооп болду окшойт.

Эл өкүлү президенттин экономикалык маселелерге көп токтолуп, адилеттикти орнотууга басым жасаганына оң баа берди. Анткени, өлкөдөгү туруктуулук экономика үчүн маанилүү фактор экенин айтты.

Кошумчалай кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков 11-апрелде Жогорку Кеңеште билдирүү жасады.

Copyright © 2017 Maral FM