Кыргыз-Кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө бекеттери 5-апрелден 7-апрелге чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.
Кытай тараптын демилгеси менен Кытайда Маркумдарды эскерүү күнүнө байланыштуу жабылууда.
Өткөрмө бекеттер 8-апрелден баштап ачылат.