Биз менен байланышыңыз

Түркияда Европадагы эң чоң оорукана ачылды

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Мар 2019 | 703 | 0

Түркиянын Анкара шаарында Европадагы эң чоң шаардык оорукана ачылды. Ачылыш иш-чарасына өлкө башчысы президент Реджеп Тайип Эрдоган, Саламатыкты сактоо министри Фахреттин Коджи жана 45 өлкөнүн элчилери катышты деп билдирди Daily Sabah.

Билькент ооруканасы 3704 орундук болуп, 904 кабинеттен мындан сырткары интенсивдүү дарылануу бөлүмүндө 674 орун жана 131 хирургия канаасы бар. Бул ооруканада жылына 600 операция жасоого болот.

Саламатыкты сактоо министри Фахреттина Коджинин берген маалыматы боюнча Билькент ооруканасы Европадагы эң чоң оорукана болуп эсептелинет. Ошондой эле жаңы ооруканада акыркы технологиялар менен жабдылган.

 

Copyright © 2017 Maral FM