Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: Таласта иске ууланып эки жаран каза болду

Кыска кабар | 20 Фев 2019 | 770 | 0

Талас районунун Кара-Суу айылында иске ууланып эки жаран каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова “Маралга” билдирди.

Анын айтымында, министрликке бүгүн Талас районунун Кара-Суу айылында турак-үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жергиликтүү куткаруу бөлүмүнөн куткаруучулар тартылып, жеринде иш алып барылууда.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, турак-үйдө ачык өрт болгон эмес, түтүнгө ууланып эне жана кыз каза болду. Дагы экөө жабыркаганы айтылууда.

Маалыматтар боюнча бул үйдө 19-февралда электр энергиясы өчүрүлгөндүктөн от жагышкан.

Кошумча маалыматтар берилет.

Copyright © 2017 Maral FM