Талас районунун Кара-Суу айылында иске ууланып эки жаран каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова “Маралга” билдирди.
Анын айтымында, министрликке бүгүн Талас районунун Кара-Суу айылында турак-үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жергиликтүү куткаруу бөлүмүнөн куткаруучулар тартылып, жеринде иш алып барылууда.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, турак-үйдө ачык өрт болгон эмес, түтүнгө ууланып эне жана кыз каза болду. Дагы экөө жабыркаганы айтылууда.
Маалыматтар боюнча бул үйдө 19-февралда электр энергиясы өчүрүлгөндүктөн от жагышкан.
Кошумча маалыматтар берилет.