Биз менен байланышыңыз

Быйыл Бишкек-Ош жолунда кар көчкүгө каршы галерея курулат

Кыска кабар | 3 Фев 2019 | 625 | 0

2019-жылы Бишкек-Ош жолунда кар көчкүдөн тосо турган галерея курула баштайт. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен кабарлашты.

Ага ылайык, галерея 5,8 гектарга курулуп, Бишкек-Ош жолундагы Чычкан капчыгайына жабык типте курулат. Анын узундугу 7 метрди түзсө, кеңдиги 9,5 метр деп белгиленген.

Курулуш иштерине 40 млн долларга жакын акча коротулат жана ал Эл аралык кызматташтык боюнча жапон агенттиги (JICA) тарабынан бөлүнмөкчү.

Copyright © 2017 Maral FM