Биз менен байланышыңыз

УКМКнын төрагасынын орун басары кызматтан алынды

Кыска кабар | 1 Фев 2019 | 496 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Асылбек Кожобеков кызматтан алынды. Бул тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун анын аппаратынан маалымдашты.

Анын кызматтан бошотулушуна башка ишке өткөндүгү себеп болгон.

Белгилей кетсек, Асылбек Кожобеков 2017-2018-жылдары президенттин кеңешчиси болуп турган. 2018-жылдын апрелинде УКМКнын төрагасынын орун басары болуп дайындалган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM