Биз менен байланышыңыз

Дагестанда террористтер тобу жок кылынды

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Янв 2019 | 651 | 0

Дагестанда террористтердин тобу жок кылынды. Бул туурасында «Риа новости» кабарлады.

Маалыматка ылайык 11-январда 18:00 чамасында “Кавказ” федералдык автотрассасынын Кизилюрт-Махачкала  бөлүгүндө, ВАЗ 2107 үлгүсүндө бара жаткандар Жол коопсуздук кызматкерлерине кол салган.

Укук коргоо кызматкерлери унааны токтотуп, колго түшүп берүүнү талап кылган. Жооп катары кылмышкерлер куралдардан ок чыгарган.

Анын жыйынтыгында үч террорист жок кылынды.

Кылмышкерлердин унаасынан эки автомат, пистолет ок-дарылары табылган. Кылмышкерлердин бирөөсү аты-жөнү такталып,  буга чейин сегиз кылмышка катышканы маалым болду. Укук коргоо кызматкерлери жана жарандардын арасында жабыр таркандар жок.

Copyright © 2017 Maral FM