Биз менен байланышыңыз

Москвада таксист жигит жүргүнчү унутуп калган миллионун кайтарып берди

Кыска кабар | 22 Фев 2019 | 745 | 0

Москвада такси кызматында иштеген кыргыз жигит жүргүнчү унутуп калган 1 миллион рубль акчаны ээсине кайтарып берди. Бул тууралуу Дагестандык аялдын ыраазычылык айткан видеосу социалдык тармактарда тарады.

Видеодо насыя алып Москвага келишкен Дагестандыктар акчасын кайтарып алып барып берген жигитти көрүп, акча ээлери кыргыз жигиттин апасына ушундай баланы тарбиялаганы үчүн ыраазычылык айткан.

Москвада таксист болуп иштеп жүргөн кыргыз баланын аты Нурсултан Кайназаров. Ал Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун  Таран-Базар айылынын тургуну экендиги айтылды.

 

Copyright © 2017 Maral FM