Үстүбүздөгү жылы Саламаттык сактоо министрлигинин түзүмүндө иштеген кызмат адамдары мамлекеттик сатып алууда 613 мыйзам бузууга жол бергени аныкталды. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун төрагалыгы алдында өткөн Координациялык кеңешмеде айтылды.
Маалыматка ылайык, мыйзам бузууларды четтетүү үчүн прокуратура органдары тарабынан 90 акт түзүлгөн. 238 киши административдик жоопкерчиликке тартылып, 24 кылмыш иши козголгон. Республикалык бюджетке 1 миллион 687 миң 632 сом кайтарылган.
Башкы прокуратура Координациялык кеңештин 2018-жылга бекиткен планы боюнча жүргүзгөн текшерүү маалында саламаттык сактоо системасында негизги мыйзам бузуулар дары-дармектерди, медициналык жабдууларды, атайын автотранспортторду алуу мамлекеттик сатып алуу порталы аркылуу жүргүзүүдө болору аныкталган.
Саламаттык сактоо министрлигиндеги жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринен улам көпчүлүк учурда кымбат, техникалык талабы менен сапаты туура келбеген товарлар сатылып алынууда. Бул өз кезегинде мамлекеттик каражатты туура эмес пайдаланууга алып келип, медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапаты да төмөндөп жатканы маалым болду.