Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө туристтер катышкан ири жол кырсыгы катталды

Коом | 26 Ноя 2018 | 1104 | 0

Ысык-Көлдө 25-ноябрда чет элдик жарандардын катышуусу менен массалык жол кырсыгы катталды.

-Жолдо келе жатып көзүмдү ачсам, унаа түз баратат. Бир кичи автобус Волга үлгүсүндөгү унааны ашып өтүп, биздин жолубузга чыга калды. Мына жол эрежесин бузганынын кесепетинен бутум сынды. Эми операция жасатыш керек.

Бул Жети-Ѳгүз районундагы Тамга айылынын 57 жаштагы тургуну Рашид Мухамеджанов. Белгилүү болгондой, 25-ноябрда Тамга-Каракол каттамындагы коомдук транспорт менен Шыхты Жыргалаӊдан туристтерди алып келе жаткан кичи автобус Ырдык айылынын жол жээгинен бет маӊдай кагышкан. Анын залалынан 14 адам оор жана жеӊил жаракат алды. Алардын 8 облустук бириккен ооруканага жаткырылып, 6 жаран үйлөрүнөн дарыланууда. Тилекке каршы, жол эрежесин бузган айдоочу материалдык чыгымды көтөрбөй кетип калгандыгын бейтаптар билдиришет.

-Биздин бет маӊдайыбыздан чыга калган кичи автобуста туристтер бар экен. Аларга чексиз ыраазыбыз. Тез жардам келгенче стерилдүү медициналык каражаттарды чекебизге коюп, айрылган жерлерибизди жууп тазалады.

-Албетте, туристтерди ташып бара жаткан айдоочунуку туура эмес. Жол эки тилкелүү болсо, чоӊ ылдамдыкта ашып өтүп жатпайбы. Ооруканада жаткан бейтаптардын дары–дармектерин төлөп берсин.

-Материалдык колдоо эмес, келип кечирим сураганга жараган жок. Ким экенин да көрө элекпиз, эӊ негизгиси, операциябыз ийгиликтүү өтүп кетсе экен.

Жүргүнчүлөр менен бирге Тамга -Каракол коомдук транспортун башкарган Адыл Карасартов да ооруканадан дарыланууда.  Ал 40 жылдан бери айдоочу болгондуктан, кырсыкка биринчи жолу кабылганын билдирет. Ошондон улам, экинчи тарапты күнөөлү деп эсептейт.

-Мен жүргүнчүлөрдү толтуруп 30-40 ылдамдык менен келе жаткам. Бет маӊдай чыккан Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү кичи автобус астындагы 3 жеӊил унааны ашып өтүп, мени көздөй бет алды. Дароо эле оӊ тарапты көздөй качып, тормоз басып токтодук. Бирок тигил унаа 130-140 ылдамдыкта келе жаткандыктан бет маӊдай сүздү. Бир да жолу кырсыкка кабылган эмесмин. Айдоочу туристтерди алып бараткандан кийин анчалык эмнеге шашты, билбейм. Эгер акырын келгенде мындай болмок эмес да, эми өзүнөн дайын жок.

Акыркы маалыматка таянса,к бейтаптардын абалы канааттандырарлык. Алардын 3 ички сынык алса, калгандардын денеси жанчылып, баш сөөгү чайкалган. Алдыда операция күтүп тургандыгын облустук бириккен ооруканын травматология бөлүм башчысы Рысбек Жусупов билдирди.

-Эки авто унаа сүзүшкөн авариядан бизге 14 киши кайрылып, баш-аягы 8 адам травматология бөлүмүндө. Баарынын абалы теӊ канааттандырарлык. Алардын ичинен колу, далысы, буттун тизедеги томугу сынган бейтаптар операция болот. Калгандары консервативдүү дарыланат.

Ал эми облустук жол кыймылын көзөмөлдөө кызматкерлери окуяны жеринде тактап, учурда териштирүү иштерин жүргүзүп жатканын кабарлашат. Эӊ негизгиси, кырсыктын кесепетинен туристтер арасында олуттуу маселе жаралбай, жүргүнчүлөрдөн көз жумгандар катталбаганы жакшы экендигин штабынын тескөөчүсү Рысменди Бейшен уулу белгиледи.

Жолдун карама каршы тилкесине чыккан туристтерди ташып бараткан айдочу күнөлүү. Бактыга жараша, чет элдик жарандардан эч ким жаракат алган эмес. Ошол жерден фирмадан башка унаа чыкыртылып келип, туристтер Бишкекти көздөй сапарын улашкан. Анын айдоочусу да жабыркаган эмес, үйүнө кеткен. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM