Шашылыш кабар:

АКШ Орусияга жаңы санкцияларды киргизет

Август 9th, 2018 | by Бахар Хакимова
АКШ Орусияга жаңы санкцияларды киргизет
Дүйнө кабарлары
0

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы 22-августтан тарта Орусияга жаңы санкцияларды киргизет. Буга мурунку чалгын кызматчысы Сергей Скрипалдын уулангандыгы себеп болгону кабарланды.

Санкциялар кире турганы тууралуу Москвага кабар берилди. Бирок эгер Москва химиялык, биологиялык куралдарды колдонбой турганына кепилдик берсе, АКШ санкцияларды киргизүүдөн баш тартышы мүмкүн экендиги айтылууда.

Эске салсак, Сергей Скрипаль кызы менен Лондондун Солсбери аймагында адамдын нервин шал кылуучу зат менен ууландырылган. Бул окуядан кийин расмий Лондон Орусияны күнөөлөп, ондогон өлкө менен бирге Москвага каршы дипломатиялык санкцияларды киргизген.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache