Биз менен байланышыңыз

Жол инспекторлору үчүн пара алуу татаалдашты

Коом | 7 Янв 2019 | 1675 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жолдордо паракорлорду аныктоо боюнча туруктуу рейддерди жүргүзүп турууну тапшырды.

Кыргызстанда 1-январдан тартып Административдик кодекске киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирди. Анда жол эрежесин бузган айдоочуларга салына турган айыппулдун өлчөмүн көбөйтүү каралган.

Бул эрежелердин негизинде мас болуп алып унаа айдагандарга 17 500 сом айыппул салынат. Ал эми 40 чакырымдык ылдамдык чегин бузган айдоочулар 7 500 сом айыппул төлөйт.

Ал эми коопсуздук кемерин тагынбай койгондор 1000 сомдон 3000 сомго чейин айып тартат. Буга чейин коопсуздук кемерин тагынбагандарга 300 сом, мас айдоочуларга 10 миң сом айып салынып келген.

Эреже бузганы үчүн жарандардын айдоочулук күбөлүктөрү алынбайт, бирок протокол толтуруу тартиби күчүндө калтырылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн басма-сөз катчысы Нурбек Токтосунов билдирди.

-Коомчулук нааразы болгон көрүнүштөр боюнча кызматкерлерге түшүндүрүп жатабыз. Эгерде инспекторлор пара алчу болсо, аны видеого тартып жиберишсе болот. Аларга чара көрөбүз.

Ушул күндөрү коомчулук айыппулдардын маңызын жана өлчөмүн кызуу талкуулап жатат. Айрымдар айыппулдардын өлчөмү орточо маянадан да көп экенин айтып нааразы болсо, кээ бири бул чаралар жол кырсыктарын азайтып, эреже бузгандарды тизгиндей тургандыгына ишенет. Ошол эле учурда айыппулдун көтөрүлүшү менен коррупция күчөй турганын белгилешүүдө.

Мындан улам премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жолдордо паракорлорду аныктоо боюнча туруктуу рейддерди жүргүзүп турууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгулов билдирди.

Маалыматка ылайык, жолдордо паракорлорду аныктоо жана аларды катуу жазалоо боюнча рейдди Ички иштер министрлиги менен УКМК жүргүзөт.

-Айрым милиция кызматкерлери өздөрүнүн мыйзамсыз аракеттери менен жарандардын нааразычылыктарын жана сын-пикирлерин жаратууда. Бул Ички иштер министрлиги өз ишин жакшыртуу жана коррупциялык тобокелдиктердин тамырын кыркуу боюнча таасирдүү чараларды көрүүгө тийиш экенин айтып турат. ИИМ жолдордо тартипке келтирүү сыяктуу кеңири жана абдан зарыл иштерди акча табуу ыкмасы катары караган кызматкерлерден арылуусу керек. Башкы милдет – айдоочулар жол кыймылынын эрежелерин бузбоого тийиш. Жол кырсыктарынан адамдарыбыз майып болуп жана өмүрлөрү кыйылбашы керек. Кыска мөөнөттө бир катар ички антикоррупциялык иш-чараларды өткөрүү керек.

Ошондой эле өкмөт өлкөдө автоунаалардын санынын өсүү тенденциясын эске алуу менен жол кыймылын, айрыкча борбор шаардын кыймыл жыш жолдорунда башкаруу механизмдерин жакшыртуу боюнча активдүү иштерди жүргүзүүнү пландоодо.

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев айыппулдардын жогорулашы коррупциялык көрүнүшүтөрдүн көбөйүү коркунучу бар деп кооптонууда.

Анын баамында, айыппулду төлөөдөн качкан айдоочулар инспекторлор менен өз алдынча сүйлөшүүгө барат.

-Мен 40 чакырымдык ылдамдык чегин бузган айдоочулар 7 500 сом айыппул салынышына каршымын. Калган айыптарга кошуламын. Бул элдин коопсуздугун камсыздоо максатында кабыл алынган. Бирок коррупциялык аракеттер дагы деле болот жана боло берет.

Бир жуманын аралыгында жол эрежесин бузган бир топ айдоочулар жаңы киргизилген айыппул менен айыпка жыгылган. Үстүбүздөгү жылдын 4-январына чейин өлкө боюнча Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы мас абалында машине айдаган 15 жаранды кармап, ар бирине 17 500 сомдон айыппул салды. Андан кийин канча протокол толтурулганы кабарлана элек.

Copyright © 2017 Maral FM