Шашылыш кабар:

Жумалиев: Ислам менен демократияны салыштырууга болбойт

Жумалиев: Ислам менен демократияны салыштырууга болбойт
Босого
0

«Марал» радиосунун “Босого” программасынын бул жолку чыгарылышында Мухаммед пайгамбардын (сав) урпагы «Саиддер үйү эл аралык Кайрымдуулук фондунун» жетекчиси Ахлул Байт Саид Умар Өлмөсханов, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин теология колледжинин мугалими Майрамбек Жумалиев менен ар түрдүүлүктүү демократиялык башкаруу Мухаммед пайгамбардын (сав) миссиясына ылайык чыдамдуулук жана өз ара сүйлөшүү жөнүндө ой бөлүштүк. Берүүнү саясат талдоочу Орозбек Молдалиев алып барды.

Долбоор «Демократия жана дин»: Тең жана байистүү добуш аркылуу баарлашуу» долбоорунун алкагында даярдалды. Анын башкы максаты — Кыргызстанда бирдиктүү демократиялык коомду тарбиялоо жана буга кызыктар болгон тараптарды тартуу. Айрыкча жаштардын радикалдашуусуна жана экстремизмге кошулушуна бөгөт коюу болуп саналат.

Өлмөсханов:

Мир Саид Барака биздин жыйырма жетинчи чоң атабыз…

1880-90-жылдарды Өзбекстандын Маргалаң шаарынан биздин чоң аталарыбыз Кыргызстанга келген. Ошол мезгилде түштүктүн кооз жерлеринин бири Апшыр-Атада болжол мене 10 гектардай жерин чоң атабызга тартуу кылышканынан алар ошол жерде отурукташып калышкан экен. Ал жерде эки атам, мен төрөлдүк. Амир Темур Темирландын руханий жол башчысы Мир Саид Барака биздин жыйырма жетинчи чоң атабыз болуп кетет. Самаркандда чоң атабыз Мир Саид Бараканын кабырынын жанында АмирТемурдун мүрзөсү орун алган. Жыйырма жетинчи атамдын арбагына багыштап иш-чараларды уюштурууну пландап жатабыз. Бул боюнча быйыл өзбек тарапка барып Өзбекстандын азрети муфтийи Усман Хан Али менен жолугушуп, Пайгамбарыбыздын (сав) үй-бүлөсүнүн атынан дасторкон жайып, коомчулуктун батасын алсак деп, бул боюнча пикир алышып келдик.

Пайгамбарыбыздын (сав) миссиясы башынан аяк сабырдуулук менен болгон…

Мендеги санжыра атадан балага, баладан небереге берилип жатып сакталып келинген. Ага Адам алейхи саламдан Куранга түшүрүлгөн пайгамбарлар баары жазылып, Мухаммед пайгамбарыбыздын (сав) кызы Фатима энебиз жана жолдошу Азирети Али (ра), анын эки баласы тарабынан жазылып келген санжыра. Пайгамбарыбыз (сав) ар дайым ынтымакка, сабырдуулукка, биримдикке чакырган. Куранда да айтылгандай Анын (сав) миссиясы башынан аяк сабырдуулук менен болгон. Кылган ар бир ишинде чоң-чоң сабырдуулук, шүгүрчүлүктөр бар. Аллах аяттарында сабырдуулар менен бирге болоорун айткан. Ар бир жакшылык иштерди жасаганда сабырдуулук, жөнөкөйлүк менен жасап, биримдикте болуу кажет. Мухаммед пайгамбарыбыздын (сав) миссиясы — тынчтыкты, бактылуулукту башкаларга үлгү бол турган абалда көрсөтүү.

Жумалиев:

Амир Темур Мир Саид Бараканы пир катары кабыл алып, кайда жортуулга барса өзү менен кошо ала жүрөт…

Тарыхый булактарды карасак АмирТемур жөнүндө бир канча китептер жазылган. Тарыхчылардан  Шарафиддин Али Яздий “Зафарнома” жана Ахмед ибн Мухаммед ибн Арабшах «Аджайиб ал-макдур фи тарихи Таймур» атуу китептерин жазган. Эки китепте да Мир Саид Барака таксырдын жыйырма жетинчи аталарынан болгон кишин аты-жөнү, кайдан келгени тууралуу айтылган. Бул боюнча азыркы тажик тилинде жазылган китептер бар. Анда Мир саид-Барака азыркы Афганистандан келгени жазылат. Ал Амир Тимур менен 1370-жылы таанышат. Ибн Арабшахтын эмгегинде айтылгандай, Амир Тимур ошол жакка жортуулгана барган. Согуштан жеңилип бара жаткан учурда бир киши пайда болуп, Амир Тимурдун аскерлерине “качпагыла, бара бергиле” деген сөз айтат. Ошол рухания күч аркылуу душмандарды жеңишкени айтылат. Амир Тимур ал кишини өзүнө пир катары кабыл алып, кайда жортуулга барса өзү менен кошо ала жүрөт. Ибн Арабшах, Мир Саид Барака Мекке, Мединадан көчүп келгенин, анын чоң аталары Абдул-Кадир Гиланиге барып такаларын айтат. Башка риваяттарда Египет жакта жүрүп, ошол жактан келгини айтылат.

Амир Темур менен Мир Саид Бараканын сөөгү бир жерде…

Ал эми Али Яздий болсо Мир Саид Бараканы Пайгамбарыбыздын (сав) түз урпагы болгонун айтып, мактап жазат. Ал эми Амир Темур азыр өзү жаткан күмбөзүн небереси үчүн салдырганы да айтылып жүрөт. Күмбөзгө барып көрсөңүз, эшигинде эле Мир Саид Бараканын, анын алдында Амир Темурдун сөөгү жатат. Амир Темурдун небереси Улукбек муну туура көрбөй «оңтойсуз болуп жатабыз» деп ал жерди жаптырып салат. Азыр өзүнчө терезе сыяктуу болуп, эшиктер оң жана сол жагынан ачылып калган. Азыр Мир Саид Бараканын алдында Амир Темур, жанында Улукбек жана анын балдары жатат. Күмбөз уникалдуу, айтып отурсак тарыхый көп нерселери бар. Мир Саид Бараканын атасынын аты Саид Абдуррахман аль Балхи деп аталат экен. Китепте Амир Темур менен кандай сүйлөшүп калганы тууралуу толук айтылат. Мир Саид Барака андан жер сураган болот. Амир Темур өмүрүнүн соңуна чейин барктап көтөрүп келген.

Айрымдардын саиддерге көңүл бурбаганы өкүнчтүү…

Фатима энебиз менен Азирети Алинин (ра) балдары  Хасан (ра), Хусейин (ра) экөөнүн тең урпактарын “саиддер” деп атап келишкен. Бирок саиддер бийликти алып албасын деген негизде аларга каршы саясий күрөш болгон. Кийинчерээк Ахрети Хасан (ра) бийликтен толугу менен баш тартканын айтат. Азрети Хусейиндин (ра) чөлдө өлтүрүлгөнү кайгылуу окуя. Андан кийин келгендерди саиддер деп атай башташты. Алар Иранда, Түркияда, Сауд Аравияда жана башка өлкөлөрдө, тагыраак айтканда дүйнө жүзү боюнча бар. Орто Азиядан Кыргызстанга да келип калганы жакшы көрүнүш. Бирок өкүнүчтүүсү айрымдар ага көп көңүл бурай “саид болсо эмне” деп коюшу да мүмкүн. Ошондой болсо да анын руханий жагы бар. Биздин акыйдада «Пайгамбардын (сав) урпагы ыйык болот» деген түшүнүк жок. Урпактарды башта Пагамбарыбыздын (сав) урматына сыйлап, аларды жакшы көрүшүбүз керек. Бул боюнча хадис да бар. Сауд өлкөлөрүндөгү саиддер өздөрүн бийик көрүшпөйт. Саиддерден тараган уулдардын аты “хан” мүчөсү менен, кыздарынын ысымдары “паша” деген сөз менен бүтөт. Кыргыздагы “төрө” деген сөз “саид” сөзүнө синоним болот. Кичипейилдик — саиддерге тиешелүү мүнөз.

Пайгамбарыбыздын (сав) жашоосу толугу менен бүткүл адамзатка кайталангыс үлгү болуп саналат…

Орто Азияда жашап өткөн улуу аалымдардын санжырасын карасак алардын көпчүлүгү саиддерге такалат. Хадис, акыйда аалымдары, суффизмдин чоң шейхтери дагы саиддерден болушат. Өзбек, кыргыздар айрым учурда аларды «ак сөөк» деп да атап келишкен. Аларды Орто Азия эли Пайгамбарыбыздын (сав) аруу урпактарынан деп сыйлап келген. СССР учурунда “ак сөөк” сөзү бираз туура эмес түшүнүккө жетеленип калды. Куранда Хужурат сүрөсүндө: “Эй адам баласы, биз силерди бир Адам ата менен Обо энеден (бир эркек менен бир аялдан) жараттык. Силерди калк, уруу кылып да бөлдүк. Бирок бир уруу же улут башкалардан өйдө эмес. Чыныгы урматтуулар Кудайдан корккондор. Андан айбыккан адамдардын даражалары бийигирээк болот” деген мааниде айтылат. Пайгамбарыбыздын (сав) жашоосу толугу менен бүткүл адамзатка кайталангыс үлгү болуп саналат. Мусулмандар бир гана Пайгамбарды (сав) кумир тута алат. Анын өмүрү — өрнөктүү тажрыйба жүзүндө көрсөтүлгөн жашоо. Аны көптөгөн аалымдар китеп кылып, хадистер менен жазып көрсөтүп кетишкен. Биз окуп түшүнүүдө чабалдык кылып жатабыз. Пайгамбарыбыз (сав) бизге бийликти башкаруунун системасын көрсөтүп кеткен эмес. Ал (сав) о дүйнөгө көчкөндө Азрети Абу Бакрды (ра) бир нече мусулмандар шайлап алышты. Азрети Умар (ра) Азрети Абу Бакрдын (ра) сунушу менен бийликке келген. Ал кеңеш түздү, аталган кеңеш Осмонду (ра) тандап алды. Кийинчерээк гана монархияга айлана баштады.

Диндин негизги маселеси – адилетүүлүк…

Эгерде демократия адам укугун, баалуулуктарын коргоого баа берип жатса динге шайкеш келет. Биз муну түшүнүүдө чабалдык кылуудабыз. Ислам менен демократияны салыштырууга болбойт. Дин – кол тийгис, Аллахтын буйругу. Демакратия – эл ойлоп тапкан бийлик формасы. Пайгамбарыбыздын (сав) “дүйнөлүк иштерде өзүңөр илесиңер” деп айтканы бар. Анын (сав) учурунда Мадина шаарында башка диндегилер да бар эле. Алинин (ра)  согушка кийген сооту боюнча маселе чыгат. Бир жөөт ал соот өзүнүкү болгонун айтат. Экөө маселени чече албай казыга барса, ал күбө катары кимди көрсөтүшөрүн сурайт. Анда Али (ра) баласын көрсөтөт, бирок казы ага макул болбой коёт. Ошол жерде соот жөөттүкү экени белгилүү болгон жагдай жаралат. Исламдын адилеттүү дин экенин көргөн жөөт мусулман болот. Мындан сырткары, Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Меккеден Мадина шаарына көчүп келген учурда түрдүү диндеги адамдар менен макулдашып, келишим түзгөн. Ал келишим сырттан келе турган күчтөргө каршы жана өз ара биримдик кандай болоору тууралуу эле. Мусулмандар бир шаарды басып алган соң, кол астында иштегендерден салык ирээтинде акча алчу.  Аны элди башка душмандардан коргоо кепилдиги менен алышкан. Византия империясы кол салган учурда «силерди коргой албай жатабыз» деп мусулман болбогондордун акчасын кайтарып беришкен. Адилеттүү бийлик элдин бакубат жашоосуна өбөлгө болот. Элде өлкөнүн атуулубуз деген сыймыктануу сезими, биримдик пайда болот.

Башка дин өкүлдөрү менен толерантуу мамиледе болуу алардын ишенимдерин кабыл алуу эмес…

Бузукулук өлүмдөн да катуу экенин белгилеген аяттар бар. Пайгамбарыбыз (сав) атайын барып, зордук жолу менен бир жерди басып алганын көрүүгө болбойт. Согуштардын баары мушриктерден коркунуч келээрин билгендиктен улам болгон. Пайгамбарыбыз (сав) дароо көрсөтмө берип, баарын кырып салалы деген эмес. Тарыхты билбеген адамдар туура эмес түшүнүп жатышат. Болбосо Ал (сав) башкаларды тынчтык жолу менен динге чакырып, кат жиберген. Аллах, Ислам эки дүйнө бактылуулук бере турган дин экенин эскертип, тандоону адамдардын өз эркине койгон. Каапырлар Пайгамбарга (сав) ишенбесе ачык эле айткан. Ал эми эки жүздүүлөр болсо жашыруун түрдө болуп жатат. Алардын абалы капырларга караганда коркунустуу. Пайгамбарыбыз (сав) эки жүздүүлөрдү ачык айткан эмес, болгону алардан коргонууга чакырган. Мындан сырткары адилеттүү, Кудайдан корккон башкаруучуга баш ийүүгө буйруган. Башка дин өкүлдөрү менен толерантуу мамлиледе болуу алардын ишенимдерин кабыл алуу эмес. Көпчүлүк туура эмес тушүнүп алат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache