Биз менен байланышыңыз

Ооганстанда шайлоого мыйзамсыз кийлигишкен 60 киши камакка алынды

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Окт 2018 | 865 | 0

20-21-октябрь күндөрү Ооганстанда өткөн парламенттик шайлоого мыйзамсыз кийлигишип, шайлоочулардын укугун тебелегени үчүн 60ка чукул мамлекеттик кызматкер кармалды. Алар бир нече шайлоо түйүндөрүндө шайлоочуларга басым көрсөтүп, коомдук активисттерди жана бейтарап байкоочуларды киргизбей, коркутууга аракет кылган деп айыпталууда.

Учурда шайлоонун жыйынтыгы эсептелүүдө. Жарандардан 1400дөн ашуун мыйзам бузуу боюнча арыз түшкөн. Ошондой эле эки шайлоо аймагында катталган терактын айынан добуштар жокко чыгарылды.

Жалпысынан шайлоого катталган 9 миллионго жакын шайлоочу 2,7 миң талапкердин ичинен 249 парламент мүчөсүн шайлоосу керек болчу.

Ооган бийлиги биринчи жолу шайлоонун салттык түрүнөн биометрикалык жол менен шайлоого өтүштү. Бул шайлоо түйүндөрүндө узун кезекти пайда кылып, 400гө жакын түйүндө техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам экинчи күнү шайлашты.

Өлкөнүн Кабул, Гор жана Тажикстан менен чектешкен аймагында террордук топтун жардыруусу болуп, 28 киши набыт болду.

Ооганстандын бир нече райондорунда өз бийлигин жүргүзүп, терактыларды уюштурган «Талибан» террордук тобу элди шайлоонун жыйынтыгын бойкот кылууга чакырууда. Ага карабай өлкө бийлиги жарандарын өздөрүнүн шайлоо укугун колдонуп, активдүү катышууга үндөп келди.

Мына ушундай мыйзам бузуулар жана адам өмүрүн алган терктылар менен коштолгон ооган парламентинин шайлоосунун жыйынтыгы ноябрда жарыяланат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM