Connect with us

Президент мектепте акча чогултууга тыюу салган мыйзамга кол койду

Кыска кабар | 31 Дек 2024 | 268 | 0

Президент Садыр Жапаров “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу документке кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 27-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Максаты жалпы билим берүү уюмдарында акысыз билим алуу укугун ишке ашыруу болуп эсептелет. Эми башталгыч, негизги жана орто мектептерде мыйзамсыз, мажбурлап акча топтоого тыюу салынат.

Эгер акча топтоо фактылары аныкталса, Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык жоопкерчилик каралды.

Ички иштер органдарына мектептерде акча топтоо аракеттерине көзөмөл кылуу жана жаза чараларды көрүү боюнча ыйгарым укук берилди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM