Connect with us

«Сапат» Түркиянын «Маариф» фондунун балансына өттү

Коом , Кыска кабар | 31 Дек 2024 | 1501 | 0

«Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси Түркиянын «Маариф» фондунун балансына өттү. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин сайтында маалымат жарыяланды.

Маалыматка караганда, «Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси 2024-жылдын 30-декабрында кайра катталган. Анда үч негиздөөчү бар экени көрсөтүлгөн. Алар Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги, «Маариф Улуслар арасы Егитим курумлары» жана Түркиянын Маариф фонду көрсөтүлгөн.

«Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин өкүлү бул тууралуу маалыматты Юстиция министрлигинин сайтынан көрүшкөнүн,эч кандай башка комментарий бере албай тургандыгын билдирди. Ал эми Билим берүү министрлиги эч кандай расмий маалымат бере элек.

Жетекчиси Биржан Хуснү экендиги жазылган.
«Сапат» эл аралык билим берүү мекемеси алгач 1994-жылы 8-июнда каттоодон өткөндүгү көрсөтүлгөн.

Кыргызстанда 1992-жылдан бери «Сапат» эл аралык билим берүү мекемелери иштеп келет. Мекеменин курамында 16 лицей, 1 университет, 1 эларалык мектеп, 3 толук эмес жалпы билим берүү мектептери иштеп жатат. Алардын жаңы окутуу технологиялары менен жабдылышына, педагогдордун кесиптик чеберчилигинин, чыгармачылыгынын өсүшүнө шарт түзүп келе жатат.

Сапаттын окуучулары республикалык жана эл аралык олимпиадаларда алдыңкы орундарды алып жүрөт.
Кыргыз бийлиги 2017-жылдын башында «Себат» лицейин «Сапат» деп өзгөртүп, жарым-жартылай өкмөттүн ээлигине алган.

Copyright © 2017 Maral FM