Connect with us

Судья Бакирова депутат Алтынбеков аны далилсиз айыптаганын айтууда

Кыска кабар | 26 Дек 2024 | 294 | 0

Жогорку Соттун төрайымынын административдик иштер боюнча орун басары Нургүл Бакирова депутат Айбек Алтынбековдун ага карата дооматтарында эч кандай далил жок жана «жеке кызыкчылык үчүн» айтылып жатканын билдирди.

25-декабрда парламенттин жыйынында депутат Айбек Алтынбеков судья Бакирова мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбеген соттук териштирүүлөрдө таанышына жардам берип жатат деп айыптаган.

Бакиров ал аялды тааныбасын айтып, депутаттын эл алдында кечирим суроосун талап кылды.

Алтынбеков кечирим суроого ниети жок экенин айтып, өз кезегинде Бакировадан кечирим суроону талап кылды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM