Connect with us

Парламент төрагасы Нурланбек Шакиев фамилиясын өзгөртөт

Кыска кабар | 26 Дек 2024 | 301 | 0

Жогорку Кеңештин 26-декабрдагы жыйынында парламент төрагасы Нурланбек Шакиев фамилия тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейткен мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири катары жаңы жылдан тарта фамилиясын өзгөртө турганын айтты.

“Нурланбек Тургунбекович эмес, Нурланбек Тургунбек уулу болом. Депутат Мирлан Самыйкожо менен бирге долбоорду демилгелеп жатканда аты-жөндү нукура атоону максат кылганбыз. Мындай аракет келечегибиз үчүн өтө маанилүү”, – деди ал.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Мирлан Самыйкожо кыргыз жарандарынын фамилияларына «теги» деген сөздү кошууну сунуштап жатышат. Алар тиешелүү мыйзам долбоорун буга чейин коомдук талкууга чыгарышкан.

Эл өкүлдөрү Үй-бүлө кодексине жана “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM