Connect with us

Быйыл миңден ашык баңги кылмышы катталган

Кыска кабар | 23 Дек 2024 | 56 | 0

2024-жылдын 11 айында ички иштер органдары тарабынан 1087 баңги кылмышы катталган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 23-декабрдагы жыйынында Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев айтты.

 Аннын ичинен интернет аркылуу баңгизат каражаттарын таркатуу боюнча 144 учур аныкталган.

Тармактык комитет «Жаштар арасында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомдун аткарылышын талкуулады.

Талкуу маалында депутат Медербек Алиев синтетикалык баңгизаттарды колдонуунун көбөйүшүн азайтуу үчүн комплекстүү чараларды көрүү зарыл экенин айтты.

Депутат Илимбек Кубанычбеков жаштар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү, баңгизатка каршы активдүү үгүт жүргүзүүнү сунуштады.

Депутат Айбек Маткеримов психотроптук дары-дармектерди жайылтууга каршы күрөшүү боюнча жооптуу мамлекеттик органдардын иши жетишсиз экендигин сындады.

Жыйынтыгында комитет токтомдун аткарылышын канааттандырарлык эмес деп таап, тийиштүү мамлекеттик органдарга токтомдун ченемдерин аткаруу боюнча чараларды күчөтүүнү сунуштады.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM