Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Казакстанда өткөн эл аралык турнирде алтын утту.
Тараз шаарында Казак ССР Министрлер Советинин мурдагы төрагасы Динмухаммед Кунаевдин элесине арналган турнир өтүүдө.
Эрназар Акматалиев 70 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, финалдык беттеште тажикстандык балбанды жеңип, алтын медаль утту.
Бул турнирде дагы төрт кыргызстандык коло медалга ээ болгон.