Connect with us

Ата-энесин багуудан качкандарга жаза күчөтүлдү

Кыска кабар | 3 Дек 2024 | 208 | 0

Ата-энесин багуудан баш тарткандар үчүн жаза күчөтүлдү. Тиешелүү мыйзам долбооруна президент Садыр Жапаров кол койду. 

Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 17-октябрында кабыл алынган мыйзам менен Кылмыш-жаза, Жарандык жана Үй-бүлө кодекстерине өзгөртүүлөр киргизилген.

Документ майыптыгы бар жана материалдык жардамга муктаж ата-энелерине алимент төлөө боюнча соттун чечимдерин аткаруудан качкан эмгекке жарамдуу, бойго жеткен балдардын жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган.

Мыйзамга ылайык:

— 12 айга чейин алимент төлөнбөсө, 20 миңден 50 миң сомго чейин айыппул, 100 саатка чейин коомдук жумуштар же 1 жылга чейин түзөтүү иштери каралган. 

— 12 айдан ашык төлөнбөсө, 50 миңден 100 миң сомго чейин айып пул, 1 жылдан 3 жылга чейин жаза өтөө иштери же 3 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы колдонулат. 

Эгер ата-энелердин сотко кайрылууга мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда атайын социалдык кызматкерлер алардын ордуна арыз жазып, алимент өндүрүп бере алышат.

Copyright © 2017 Maral FM