Connect with us

Араван райондук милициясынын коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары кармалды

Кыска кабар | 3 Дек 2024 | 129 | 0

Ош облусунун Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматынын нөөмөт бөлүмүнүн жана убактылуу кармоочу жайын башкаруу боюнча жетекчинин орун басары 120 миң сом пара менен кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

28-ноябрда УКМКга жергиликтүү тургундардын бири Араван райондук ИИБнын кызматкерине карата чара көрүүнү өтүнгөн. Андан Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында жаткан уулуна карата эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган бөгөт чарасын тандоого көмөктөшүү үчүн 150 миң сом акча сурашкан.

Атайын кызмат өлкө жетекчилиги жана мамлекеттик комитет тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатка карабастан, айрым милиция кызматкерлери кызматтык кызыкчылыгына каршы келген мыйзамсыз аракеттерин улантып жатканын билдирди.

Сузак РИИБнин жаңы имаратынын ачылышында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев укук коргоо органдарынын негизги милдети элдин ишенимин актоо, мыйзамдуулукту сактоо жана кылмыштуулукту азайтуу экендигин белгилеген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM