Connect with us

K-Silk Road демилгеси. Кыргызстан менен Кореянын кызматташтыгы талкууланды

Кыска кабар | 3 Дек 2024 | 141 | 0

Түштүк Корея Кыргызстан менен мамилени чечкиндүү өнүктүрүүгө ниеттенип жатат. Бул тууралуу 3-декабрда Сеулда президент Садыр Жапаров жана Корея президенти Юн Сок Ёлдун сүйлөшүүсүндө айтылды.

Корея президенти учурда кореялык компаниялардын Кыргызстандын рыногуна чыгуусу активдешип, эки өлкөнүн жарандарынын ортосундагы алмашуу кеңейип жатканын белгиледи.

Ал аймактардын ортосундагы байланышты кеңейтүүгө багытталган K-Silk Road (“Кей – Жибек Жолу”) демилгеси тууралуу айтты.

“Алмашуулар жана кызматташтык активдешкен шартта, өткөн жылы биринчи жолу биздин өлкөлөрдүн борборлору ортосунда авиакаттам ишке киргизилген. Биздин өкмөт Европа менен Азияны бириктирген көпүрө катары Борбордук Азиянын стратегиялык маанисин аныктады. Ошондуктан ушул жылдын июнь айында Борбордук Азия регионуна биринчи атайын дипломатиялык стратегиясы — K-Silk Road — Корея – Борбордук Азия кызматташтыгынын демилгеси сунушталган”, — деп белгиледи Юн Сок Ёль.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Түштүк Кореяны Азия-Тынч океан аймагындагы артыкчылыктуу өнөктөштөрдүн бири экенин айтты.

Ал саясий диалогду, анын ичинде өкмөттөрдүн жана парламенттердин деңгээлинде өз ара кызматташууну тереңдетүүгө даярдыгын билдирди.

K-Silk Road демилгесин колдоорун белгилеп, Кыргызстан аны ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенине ишендирди.

Кыргызстандын президенти кыргыз жаштарынын корей маданияты менен тилине болгон кызыгуусу артып жатканын да кошумчалады.

Мындан тышкары, Корея тарапты 2027-жылы өтө турган “Бишкек+25” экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM