Connect with us

Баңгизат иши: Афтандил жана Тариэл Сабырбековдордун камактагы мөөнөтү узартылды

Кыска кабар | 3 Дек 2024 | 117 | 0

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Автандил Сабырбеков менен анын бир тууган агасы Тариэл Сабырбековдун камактагы мөөнөтүн узартты.

Райондук соттун басма сөз кызматы 3-декабрда маалымдагандай, алар 2025-жылдын 3-январына чейин камакта болушат.

Кармалгандарга карата Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү («Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо») беренеси менен иш козголгон.

Президенттин инисинин кызы Лаззат Нургожоеванын жигити Афтандил Сабырбеков быйыл июлда кармалган. Андан кийин анын агасы да баңгизат иши боюнча кармалганы белгилүү болгон.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 10-июлда өлкө башчынын жакыны Лаззат Нургожоеванын жигити кармалганын тастыктап, ал тууралуу маалымат учак менен кыздын колун сурагандан кийин белгилүү болгонун билдирген. 

«Бул жигиттин башкы максаты өзүнүн мыйзамсыз иш аракеттерин жашыруу үчүн жогорку  бийликтегилерден калкалоочу адамдарды (“крыша”) табуу болгону ачыкталды деп божомолдоого толук негиз бар.  Баса белгилей кетсем, президент Садыр Жапаров ким болбосун мыйзамсыз иш аракеттерди жаап-жашырып, калкалоого албайт. Эми мурдагы жигиттин жана анын шериктеринин мыйзамсыз иш аракеттеринин чоо-жайы тергөө амалдарынын жүрүшүндө аныкталат», — деп билдирди ал.

Садыр Жапаровдун инисинин кызы Лаззат Нургожоеванын жигити колун тик учак менен барып сураганы коомчулукта катуу талкууланган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM