Connect with us

Президент Жапаров Сеулдагы Улуттук мемориалга гүлчамбар койду

Кыска кабар | 3 Дек 2024 | 75 | 0

Президент Садыр Жапаров 3-декабрда Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы улуттук мемориалга гүлчамбар койду.

Мамлекет башчы Кореянын көз карандысыздыгы үчүн курман болгон баатырларды эскерип, Ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды.

Президент Жапаров 2-декабрда Сеулга расмий сапар менен барды. Анын алкагында Кореянын президенти Юн Сок Ёль жана Улуттук ассамблеясынын спикери У Вон Шик менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.

Тараптар кыргыз-корей эки тараптуу кызматташуусунун бүтүндөй комплексин жана аларды өнүктүрүү келечегин талкуулашат, ошондой эле регионалдык жана эл аралык мүнөздөгү маселелер боюнча пикир алмашат.

Сапардын жүрүшүндө Ассамблеянын президенти жана Глобалдык өсүү институтунун төрагасы, БУУнун мурдагы баш катчысы Пан Ги Мун менен да жолугушуусу болот.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы кореялык бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM