Connect with us

Сузакта бала бакчадагы окуя боюнча кызматкерлерге чара көрүлөт

Кыска кабар | 3 Дек 2024 | 339 | 0

Сузак районундагы бала бакчада болгон окуя териштирилип, тиешелүү кызматкерлерге катуу чаралар көрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, бөбөктөр бакчада жүргөн учурда алардын ден соолугу жана өмүрүнүн коопсуздугу үчүн ар бир кызматкер жоопкер.

Белгилей кетсек, 2-декабрда социалдык тармактарда Сузак районунун Октябрь айылындагы бакчалардын биринде тарбиячы балдарды сабап жаткан видео тараган.

Ошондой эле аталган окуяны Жалал-Абад облустук прокуратурасы дагы текшерүүгө алганы маалым болду.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM