Connect with us

Ташиев УКМК кызматкерлерине эскертүү берди

Кыска кабар | 29 Ноя 2024 | 216 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин кызматкерлеринин арасында кылмыш жасап, мыйзамсыз иш-аракет жасагандар бар. Бул туурлауу атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев айтты.

Ал 28-ноябрда Бишкекте УКМКнын Биринчи май жана Свердлов райондук бөлүмдөрүнүн имаратарын ачылышында, УКМКнын кызматкерлери мамлекеттин кызыкчылыгынан өз кызыкчылыгын жогору коюп, мыйзамсыз иш-аракет жасаса, камаларын эскертти.

«Ким мыйзам бузса, койгон талаптарды толук аткара албаса, же аткарууга аракет кылбаса, биз да ага көңүл кош мамиле кылабыз. Биз ар бир кызматкерди карап турабыз. Арабызда туура эмес иштеген, мыйзамга каршы иштеген, өзүнүн кызыкчылыгы үчүн иштеген кызматкерлерибиз да бар. Аларды биринчиден тартипке чакыруубуз керек, экинчиден, мыйзамдуулукка чакыруубуз керек, үчүнчүдөн, кылган мыйзамсыз иш аракеттерин кайрадан оңдотуп, жакшы иштегенге үндөөбүз зарыл. Бирок кайра кайталанса, мыйзамдын негизинде жоопко тартылат. Өз кызыкчылыгын ойлоп, кылмыш кылгандардын иш аракети бүгүн билинбесе, эртең же бир жылдан кийин билинип калат. Араңарда эки, үч кызматкер бар, мындан бир жыл, жарым жыл мурда кылмыш кылган. Азыр тапшырма берилип, териштирүү жүрүүдө, жакында чыгат анын бардыгы» , — деди Камчыбек Ташиев.

Буга чейин УКМК кызматкерлеринин атын жамынып, мыйзам бузган жаран кармалган.

Copyright © 2017 Maral FM