Connect with us

Камчыбек Ташиевдин уулунун атын жамынып, ири өлчөмдө акча алган жаран кармалды

Кыска кабар | 26 Ноя 2024 | 165 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төргасы Камчыбек Ташиевдин уулунун атын жамынып, 240 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын ээлеп алган жаран кармалды. Бул тууралуу Атайын кызмат билдирди.

Маалыматка караганда, Ж.И.Р. аттуу жаран, ар кандай маселелерди чечүү үчүн жарандарды адаштырып, алардан ири өлчөмдөгү акча каражатын алып, кийинчерээк жогорку кызматтагы адамдардын жакын туугандары менен жеке тааныштыгын жамынып алып, өз милдеттерин аткаруудан баш тарткандыгы аныкталган.

Буга байланыштуу УКМКга Т.Т.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, аталган Ж.И.Р. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулунун атына жамынып алып, 240 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын ээлеп алгандыгын билдирген.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жыйынтыгында Ж.И.Р. аттуу жарандын УКМК төрагасынын жакын туугандары менен эч кандай мамилеси болбогону аныкталгандыгы кабарланды.

Кармалган Ж.И.Р. аттуу жаран чогултулган материалдардын негизинде №1 тергөө абагына кармалып, камакка алынды. Азыркы учурда мыйзамсыз ишмердүүлүктүн бардык катышуучуларын жана келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоого багытталган тергөө иштери улантылууда.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM