Кыргызстан менен Ирандын курама командаларынын футболдук беттеши өтөрүнө байланыштуу Бишкектин борбордук көчөлөрү унаалар үчүн жабык болот. Бул тууралуу Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
2026-жылда өтө турган Дүйнө биринчилигине тандоо раундунун алтынчы турунда эки команда 19-ноябрда Бишкекте ойнойт.
Буга байланыштуу саат 14:00дөн баштап футбол аяктаганга чейин жолдордун төмөнкү тилкелери жабылат:
— Фрунзе көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин;
— Тоголок Молдо көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин.