Connect with us

Аба ырайы: Күн жылуу болот

Кыска кабар | 18 Ноя 2024 | 218 | 0
Сүрөт: Влад Ушаков

19-ноябрга караган түнү өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +13…+18,

Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+17,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +5…+10,

Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +2…+7.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +16…+18 градус жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM