Connect with us

«Казак» аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Египетте кармалып, Кыргызстанга жеткирилди

Кыска кабар | 18 Ноя 2024 | 190 | 0

Ички иштер министрлиги Интерпол аркылуу изделип жаткан «Казак» каймана аты менен таанымал Умар Маратов Египетте кармалып, Кыргызстанга жеткирилгенин билдирди.

Маалыматка караганда, ал ушул жылдын октябрында Египетте кармалган. Тийиштүү органдар тарабынан аны экстрадициялоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлгөн. Ал 17-ноябрда Кыргызстанга экстрадицияланган.

Кармалган адам ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары турат. Ал буга чейин бир нече жолу соттолгон.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM