Connect with us

Кыргызстанда рубль жана евро арзандады. Валюталар курсу тууралуу маалымат

Кыска кабар | 12 Ноя 2024 | 352 | 0

Кыргызстанда орус рублинин жана евронун сомго карата курсу төмөндөгөнү байкалды.

12-ноябрда эртең менен Улуттук банктын расмий курсу боюнча бир орус рублинин 0,87 сом деп белгиленди. Буга чейин 0,89 сомдун тегерегинде болуп жаткан. Ал эми бир евро 92,85тен 92,12 сомго чейин төмөндөгөн.

Улуттук банктын расмий курсу боюнча бир доллар 86,20 сом деп көрсөтүлгөн.

Коммерциялык банктарда да доллардын курсу 86,05 сомдон болууда.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM