Connect with us

Ислам мамлекеттери Палестина менен Ливандагы абалды талкуулоо үчүн чогулду

Кыска кабар | 11 Ноя 2024 | 148 | 0

Президент Садыр Жапаров 10-ноябрда иш сапары менен Сауд Аравия Падышалыгынын Эр-Рияд шаарына барды.

Иш сапарынын алкагында президент Жапаров Ислам кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин кезексиз Ислам саммитине катышат, анын жүрүшүндө Палестина жана түштүк Ливан, ошондой эле жалпы эле Жакынкы Чыгыш аймагындагы учурдагы кырдаалды талкуулоо пландаштырылууда.

Израил Палестина ортосундагы согуш бир жылдан ашуун убакыттан бери болуп келет. Анын кесепетинен миңдеген жаран каза болуп, социалдык объектилер талкаланып, дагы миңдеген жаран коопсуз аймактарга көчүрүлгөн.

БУУнун Башкы ассамблеясы 18-сентябрда Израилди 12 ай ичинде оккупацияланган Палестинанын аймагынан чыгып кетүүсүн талап кылган резолюцияны жактырган.

Резолюция 1967-жылдан берки Палестина аймактарын оккупациялоону “мыйзамсыз” деп тапкан Эл аралык соттун корутундусуна негизделген.

Израил бул резолюцияны аймактагы зордук-зомбулукту күчөтүшү мүмкүн деп четке какты. Документке 124 өлкө «макул» деп добуш берсе, 14ү каршы, 43ү калыс болгон. Атап айтканда, АКШ резолюцияда 2022-жылдын октябрында Израилге кол салган ХАМАСтын аракеттери айыпталбаганына нааразылыгын билдирген.

Бул арада Сауд Арабиясынын мураскор ханзаадасы Мохаммед бин Салман көз карандысыз Палестина мамлекети түзүлмөйүнчө өлкө Израилди тааныбай турганын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM