Connect with us

Министрлик мугалим менен ата-эненин видеосу боюнча үн катты

Кыска кабар | 6 Ноя 2024 | 252 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги Бишкек шаарындагы №57 мектептин тарых мугалими менен ата-эненин ортосунда болгон окуяга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

Министрлик бул окуяга байланыштуу №57 мектептин администрациясы, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаменти өз компетенциясынын чегинде иш алып барып, тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылганын маалымдады.

Ошондой эле кайсы жерде жана кандай шартта болбосун мугалимге орой мамиле кылып, анын беделин түшүрүүгө аракеттенүү жол берилгис көрүнүш экенин белгилейт жана ата-энелерди мугалимдерге сый-урмат менен мамиле жасоого чакырды.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып, окуя боюнча укук коргоо органдары баа бериши керектигин жана өзү да окуяны көзөмөлгө алганын айтты.

«Мугалим жалдап алган кул же малайың эмес! Эч ким эч качан сабак өтүп жатканда класска киргенге акысы жок. Өзгөчө окуучулардын жана ата энелердин алдында басмырлоого жол берилбейт. Укук коргоо органдары баа берет деп ойлойм жана жеке көзөмөлгө алдым. Мугалим керек болсо учурда ата энеден ашса ашат, бирок кем калбай балдарга тарбия билим берип жатат», — деп жазды министр.

Copyright © 2017 Maral FM