Биз менен байланышыңыз

Сауд Арабиянын министри Бетербиевдин Биволду жеңгенин адилетсиз деп атады

Кыска кабар , Спорт | 13 Окт 2024 | 45 | 0

Орусиялык мушкер Артур Бетербиевдин Дмитрий Биволду жеңген чечими адилетсиз болду. Мындай пикирин мушташтын уюштуруучусу, Сауд Аравиядагы Көңүл ачуу башкы дирекциясынын төрагасы Турки Аль аш-Шейх The Stomping Ground Youtube каналына билдирди.

“Менимче бул соңку 20 жылдагы эң сонун кармаштардын бири болду. Бирок мага жыйынтыгы адилетсиз чыккандай туюлду. Эки мушкер тең мага бир туугандай, бирок мында Бивол эки раундга көбүрөөк жеңди го дейм. Реванш уюштурууга аракет кылам. Эгер алар макулдугун берсе, биз муну жасайбыз”, — деди оюндун негизги уюштуруучусу Турки Аль аш-Шейх.

Бивол кармаштан кийинки маалымат жыйынында реваншка даяр экенин билдирген, Бетербиев азырынча буга жооп кайтара элек.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM