Connect with us

Алыскы жолго жайкы дөңгөлөк менен чыккан унаалар өткөрүлбөйт

Кыска кабар | 4 Ноя 2024 | 161 | 0

Автоунаасынын жайкы дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырбай жүргөн айдоочулар Бишкек – Ош жолундагы посттордон өткөрүлбөйт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам алыскы аймактарга каттаган жана жалпы айдоочулар мындан ары кышкы дөңгөлөктөр менен гана жүрө алышат.

Жайкы дөңгөлөк менен барып алгандар артка жиберилери эскертилди.

«Айрыкча алыскы аймактарга каттаган айдоочулар унааларынын дөңгөлөктөрүн кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырбай жолго чыкса, «Сосновка», «Чычкан», «Арал» постторунан өткөрүлбөйт», — деп айтылат маалыматта.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы мындан тышкары, жолго чыгарда унаанын техникалык абалына көңүл буруп, каршы тилкеге чыкпастан, алдыдагы унаа менен болгон аралыкты сактап, сөзсүз түрдө дөңгөлөкө оролуучу чынжырларды же кошумча дөңгөлөктөрдү алып алууну эскертет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM