Социалдык тармактарда бир канча күндөн бери дарыгер Бекжан Турабековдун ишмердүүлүгү боюнча ар кандай нааразычылыктар айтылууда. Бул жагдай социалдык тармактарда блог алып барган дарыгерлердин жоопкерчилиги жана биологиялык активдүү кошулмалардын башаламан сатылуу маселесин кайрадан ортого койду. Айрым эксперттер блогер-дарыгерлердин ишмердүүлүгүн мыйзам менен көзөмөлдөө кыйынга турарын айтса, айрым эксперттер интернеттеги маалыматтарга ишенип эле ар кайсы витаминдерди ала бербөө үчүн жарандардын медициналык сабаттуулугун көтөрүү керектигин айтат. Төмөндө биз бул жагдайга кеңири токтолобуз:
«Чекит медиа» Ютуб каналында дарыгер Турабеков биологиялык аквтидүү кошулмалары бар препараттарды өзүнүн баасынан бир топ кымбат сатканы тууралуу видео жарыяланган. Ал видео кыска убакытта миңдеген көрүүлөрдү топтоп, видеонун астында нааразычылык айткан комментарийлер жазылган. Айрым комментарийлерде аты аталып жаткан дарыгер кымбат анализдерди тапшыртканы, консультация үчүн жогору баа алганын айткандар бар:
Ал эми MedlLit клиникасынын негиздөөчүсү, жалпы практикалык дарыгер Бекжан Турабеков өзүнүн дарегине айтылган сындарга жооп берди. Ал дарыгердин кеңешин алуу 10 миң сомдон жогору жана бир жылдык көзөмөл 400 миңден көп деген маалыматтарды четке какты.
Анын айтымында, аталган клиникада эч кандай консультация жок жана биологиялык актидүү кошулмалар сатылбайт.
«Биринчиден, менде жана клиникамда эч кандай консультация жок. Консультация кылат деп айткандар туура эмес айткан адамдар. Менде жана менин клиникамда «көзөмөл» деген программа бар. Биздики бир жолку же 15 мүнөттүк консультация эмес. Бул деген сөз толук кандуу бир этапты 30 күндүк көзөмөл болуп эсептелинет. Көпчүлүк адамдар 30 күндүк көзөмөлдү, 30 күндүк врач бейтап менен иштешүүсүн бир жолку консультация катары эсептеп, кымбат деп ойлошот. Чындыгында андай эмес. Бизде бир күндүк көзөмөлдүн баасы 800 сомдон башталат жана 1200 сомго чейин врачтын категориясына, квалификациясына жараша аныкталат. Бул кыргыз элинин мүмкүнчүлүгү үчүн өтө ыңгайлуу баа. Себеби башка жеке клиникаларда бир эле жолку консультациянын баасы 1000 сомдон жогору. Ал эми бизде бир күндүк консультациянын баасы ушундай.
Экинчиден, БАДдарды кымбат сатып жатат деген жалаа, эч кандай чындыкка дал келбейт деген сөз. Мен эч кандай БАД сатпайм. Саткан дагы эмесмин. Тескерисинче ушуларды контрабанда жолу менен саткандарды мен ачык айтканым үчүн, ал адамдар учурда менин дарегиме түрдүү жалган жалааларды жабышып, группаларды түзүшүп, түрдүү комментарийлерди жазып жаткан учуру. Буга чейин да мындай нерселер көп болгон. Чындыкты айтканда БАД, дары саткандарга ал нерсе жакпайт. Ушундай форматта мага жалааларды жаап келишет».
Бекжан Турабеков 4 жылга чукул социалдык тармактар аркылуу элдин медициналык саламаттыгын жакшыртып, элге далилденген медицинаны жайылтып, элдин сабаттуулугун жакшыртуунун үстүндө иштеп келе жатканына, мыйзам чегинде иш алып барарына ишендирди.
Анын айтымында, ал көптөгөн курстардын, китептердин, макалалардын автору. Ошондой эле ага жалаа жапкандар менен конструктивдүү түрдө мыйзам талаасында эсептешерин кошумчалады.
Ал эми комментарийлерде дарыгер Турабековдун ишмердүүлүгүн мактагандар да жок эмес.
Доктор Турабековдон жабыркаганын айткан жарандар биологиялык активдүү кошулмаларды ал сунуштаган Инстаграм баракчадан алышканын, буга дарыгердин «ал жерде жалаң оригиналдар сатылат» дегенине ишенген. Кийинчерээк ошол эле БАДдар башка дарыканаларда арзан турганына күбө болушкан.
Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин Жугуштуу оорулардын алдын алуу жана санитардык көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Азамат Имакеев Кыргызстанга витаминдерди алып келүүдө милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон өткөрүү керектигин билдирди.
Айтуусунда, эгер тиешелүү талаптар аткарылбаса, мыйзам чегинде чара көрүлөт.
Имакеев бүгүнкү күндө өлкөгө биологиялык актидүү кошулмалардын түрлөрү келип жатканын белгилеп, аларды сатып алууда эмнелерди эске алуу керектигин айтып берди.
«Азыркы күндө биздин өлкөгө көптөгөн биологиялык актидүү кошулмалар келип жатат. 2017-жылы Бажы биримдигине киргенден баштап биологиялык активдүү кошулмалар тамак-аш катары көзөмөлгө алынат. Ошол себептен көптөгөн БАДдар бул жакка келгенде сөзсүз түрдө мамлекеттик каттоо күбөлүгү болушу керек. Аны атайын ыйгарым укуктуу органдар бериш керек. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти тарабынан берилет.
Кардарларга кайрылсам, ар бир биологиялык активдүү кошулмаларды сатып алуудан мурун дарыгерден кеңеш алыш керек. Себеби БАДдар дары-дармек катары эсептелбейт. Бирок ошону менен бирге тамак-ашка кошумча катары организмге кошумча витаминдердин, микроэлементтердин, организмге керектүү заттардын негизи болуп эсептелинет. Булардын дарыдан айырмасы терапевтик дозасы дарыныкынан төмөнүрөөк. Бирок организмде жетишпеген микроэлементтерди камсыздайт. Ошону менен бирге БАДдарды кабыл аларда дарыгер менен кеңешпей, башка дагы дарыларды ичип жатса, кошумча БАДдарды ичсе, организмде кандайдыр бир өзгөрүүлөр болуп, терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Ошондуктан биринчи, дарыгерден кеңеш алыш керек. Экинчиден, сатып алуудан мурун сыртындагы мөөнөтүн карап, маркировкасын, сакталуу шарттарын караш керек. Мындан тышкары ичиндеги нускамасын окуп, организмге кандай терс таасирлери бар карап чыгуу маанилүү. Кайсы жакта сатылып жатат, ошого маани берүү зарыл. Дарыканалардан да сатып алууда мамлекеттик күбөлүгү барбы же жокпу, сураш керек. Себеби учурда өлкөгө алардын көптөгөн түрүн алып келишүүдө. Аларды да аябай жарнамалап жатышат. БАДдар адамдын ооруларын дарылаганга жатпайт. Бул организмге жетишпеген витаминдерди камсыздоо үчүн гана берилет. Ошондой эле иммунитетти көтөрүү үчүн колдонулат.
Медицина тармагы боюнча эксперт Базарбай Гапаровдун айтымында, көп учурда бейтаптар дарыгердин кеңешин укпастан, өз алдынча дарыланышат.
Ал акыркы жылдары өлкөдө биологиялык активдүү кошулмалар кеңери тарап, колдонулуп жатканын белгиледи.
Эксперт БАДдар ден соолукту дарылоодо эмес, чыңдоодо колдонуларын, аларды дарыканалардан сатып алууну сунуштайт.
«Мындай учурда бейтаптардын өзү күнөөлүү. Өздөрү ошонун айынан жабыркап жатышат. Дарыларды, БАДдарды, витаминдерди алуудан мурун дарыгер менен кеңешүү керек. Интернеттеги эле маалыматтарга ишенип, ошолордун айтканын кыла бербеш керек. БАДдар булар пайдалуу заттар. Бул адамдын организми үчүн өтө керектүү витаминдердин топтому. Аны дары катары кабыл албаш керек. Алар дарылоого кошумча көмөк каражат катары колдонулат. Мисалы дарыгер дары жазып берсе, ошолор менен кошуп ичсе, таасири жакшы болот».
Медицина тармагы боюнча дагы бир эксперт Айбар Султангазиевдин айтуусунда, учурда сатылып жаткан БАДдардын көпчүлүгү мамлекеттик каттоодон өтпөйт.
Ал блогер врачтардын ишмердүүлүгүн жөнгө салган мыйзамды киргизүүдө бир топ кыйынчылыктар болорун белгиледи.
«Учурда БАДдар, витаминдердин көбү мамлекеттик каттоодон өтпөйт. Эл жарнамага таянып эле алып жатышат. Аларды дарыканалардан алууга кеңеш берем. Алардын фирмалар караш керек. Кайсы жактан чыгып жатат, сапаты кандай, фирмалардын репутациясын караш керек. Дарыгерлерден сурайлы десек, алар деле бир фирма менен чогуу иштешет. Алар дагы өз пайдасын ойлошот. Ишеничтүү фирмалардан караш керек. Блогер врачтардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу учун мыйзам киргизүү кыйын болот. Себеби БАД, витаминдер тамак сыяктуу эле эсептелинет. Тамак-аштын баарына мыйзам киргизүү оор болот. Эгер сапатын текшерип баштаса, бул дагы туура болмок. Бирок көп фирмалар каршы чыгып, жол бербейт болуш керек».
Кыргызстанда 2013-жылы дарыгерлер, медициналык кызматкерлер биологиялык активдүү кошулмаларды жарнамалап, бейтапка сатууга мыйзам боюнча тыюу салынган.
Буга чейин Финансы полициясы биологиялык активдүү кошулмалардын түрлөрүн уруксат берүүчү документтери жок даярдаган жер астындагы цехти аныктаган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «мыйзамсыз ишкерлик» беренесинин негизинде катталган.
Саламаттык сактоо министрлиги бул мыйзамды эскертип, элди этият болууга чакырып келет.
Мындай кошулмалардын курамы фармацевтикалык анализге алынбагандыктан гормоналдык, уулуу же адам организмин алсыздантуучу химиялык заттар болушу мүмкүн.
Дарыканалардагы биологиялык активдүү кошулмаларда лабораториялык анализден өткөнү тууралуу документ болушу керек. Коопсуздук нормаларына дал келбеген кошулмаларды сатуу өлкөдө тыюу салынган.