Connect with us

Президент Кыргызстанда кылмыштуулук 50% азайганын айтты

Кыска кабар | 1 Ноя 2024 | 235 | 0

Президент Садыр Жапаров 1-ноябрда Бишкектин борбордук “Ала-Тоо” аянтында өткөн салтанаттуу иш-чарада Ички иштер министрлигинин өздүк курамын милициянын 100 жылдыгы менен куттуктады.

Кыргыз милициясы түзүлгөндөн бери 100 жыл аралыгында миңдеген кызматкер эл-жердин тынчтыгын сактоо үчүн кылмышкерлер менен күрөшүп, кызмат учурунда баатырларча курман болушкандар бар экенин белгиледи.

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө орун алып жаткан өзгөрүүлөр менен жаңы чакырыктар ыкчам аракеттерди талап кыларын айтып, акыркы төрт жылда Кыргыз милициясында мыкты шарттар түзүлүп келе жатканын билдирди.

Прездиенттин маалыматына караганда, жалпы республика боюнча милиция кызматындагылардын маянасы эки эсе жогоруласа, Баткенде кызмат өтөгөн милиционерлердин айлыгы төрт эсе жогорулаган.

Ошондой эле атайын күжүрмөн санарип технологиялар ишке киргизилип, коопсуздукту камсыздоо жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Жаңы программаларды, кибер-коопсуздукка байланышкан техниканы колдонуп, адамды жүзүнөн таанып, ошол жерден аныктай турган заманбап технологиялар менен иш алпарууга толугу менен өттү.

Өлкө аймагындагы коомдук жайларга төрт миңден ашуун видео-камералар орнотулду.

“Олуттуу иш-аракеттердин натыйжасында акыркы төрт жылда кылмыштын катталуусу дээрлик 50 пайызга төмөндөп, коомдук жайларда одоно тартип жана мыйзам бузуулар жөнгө салынып келе жатат.

Милициянын 100 жылдыгына 100 жаңы имарат ачуу демилгеси ийгиликтүү ишке ашып, бардык аймактарда заманбап шарттары менен жаркыраган жаңы имараттар, биринин аркасынан бири ачылып, колдонууга берилүүдө” , — деди өлкө башчы.

Бүгүн ички иштер министрлиги 100 жылдыгын белгилөөдө. Иш- чара Бишкектин борбордук «Ала-Тоо» аянтында өтүүдө. Ага президент Садыр Жапаров, өкмөт башчы Акылбек Жапаров жана Ички иштер министрлигинин ардагерлери, милиция кызматкерлери жана коомдук ишмерлер катышууда.

1924-жылы 1-ноябрда Кара-Кыргыз автономиялуу облусу жергиликтүү милиция кызматын түзүп, кадрларды топтоо боюнча чечим кабыл алынган.

default

Copyright © 2017 Maral FM